Балалыкка кетеличи апаке - Сыймык Бейшекеев текст

Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.
Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.
Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Тажап кеттим мен бүгүнкү бактымдан
Балалыкка кетеличи, апаке!
Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетким келет апаке.
Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке.
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетким келет апаке.
Балалыкка кетким келет апаке.
Аруу күнгө кетеличи, апаке.



Александр Панайотов - Балалайка (и А.Чумаков)
RADA - Винил
Gulsanam Mamazoitova - Саржайлау (qozoqcha)
Чолпон Талипбек - Барба
Нурмат Садыров - Токтолбой жүргөм токтоттуң


Добавить комментарий

Категории
Популярные тексты